
Тогуз айда МСК бюджетке 212 миллиард сом түшүрдү
Бишкек, 06.10.25. 2025-жылдын январь-сентябрь айларында Мамлекеттик салык кызматынын кирешеси 211 млрд 971,9 млн сомду түзүп, план 104,5% аткарылды. Мамлекеттик бюджеттин кирешеси 722 млрд 901 млн сомго жетти, бул пландалган көрсөткүчтөн 23 млрд 810,7 млн сомго көп. Адылбек Касымалиев экономиканын өсүү темпин сактоо жана күчөтүү зарылдыгын белгиледи.








