Тег жылдыздуу

«Алтын түйүн» академиясынын командасы астрономиялык олимпиадада атайын сыйлык менен сыйланды

Кыргызстандын Улуттук инженердик-техникалык балдар академиясынын “Алтын түйүн” командасы Орусияда өткөн III Эл аралык астрономиялык OWAO олимпиадасында атайын сыйлыкка ээ болду. 20 өлкөдөн 100дөн ашык мектеп окуучулары катышып, астрономия жана физика боюнча маселелерди чечишти.

Кыргызстан Чолпон-Атага беш жылдыздуу мейманканаларды куруу үчүн түрк инвесторлорун тартууну пландоодо.

Чолпон-Ата шаарынын мэри Данияр Сатаров баштаган делегация Анталияда болуп, экология жана шаар куруу боюнча алдыңкы технологияларды үйрөнүп, ошондой эле мейманканаларды жана парк аймактарын курууга инвестиция тартуу маселесин талкуулашты. Бул иш сапар шаарлар ортосундагы кызматташтыкты бекемдеп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда маанилүү кадам болуп калды. Чолпон-Ата шаары Анталия менен бир тууган шаар протоколуна кол коюп, бул макамдагы Борбор Азиядагы биринчи шаар болуп калды.