
Бишкекте 152 км веломаршрут түзүлөт
Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки башкы планы велосипед маршруттарынын бирдиктүү тармагына негизделген заманбап инфраструктура түзүүнү камтыйт, бул транспорттук жүктү азайтып, экологиялык абалды жакшыртат.

Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки башкы планы велосипед маршруттарынын бирдиктүү тармагына негизделген заманбап инфраструктура түзүүнү камтыйт, бул транспорттук жүктү азайтып, экологиялык абалды жакшыртат.

Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки Башкы планынын алкагында 3,3 км узундуктагы Киев көчөсүндө заманбап жөө жүрүүчү көчө жана коомдук транспорт линиясы түзүлөт. Бул долбоор жөө жүргүнчүлөр жана коомдук транспорт үчүн ыңгайлуу, коопсуз жана экологиялык шаардык мейкиндикти өнүктүрүүгө багытталган.

Бишкек шаарында Ала-Арча, Аламүдүн жана Чоң Чүй каналдарынын боюнда эс алуу зоналары курулат. Мэр Айбек Жунушалиевдин айтымында, ТЭЦтин техникалык каналынын боюнда променад куруу иштери башталды жана кышка чейин аяктоо пландалууда. Жаңы набережныйларда сейилдөө үчүн шарттар түзүлүп, скамейкалар, чуркоо жана велосипед жолдору, көпүрөлөр курулат.

Бишкек, 14.10.25 /Кабар/. КРдин транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев 13-октябрда Арашан – Чункурчак жолундагы курулуш иштерин текшерди. Учурда 3төн 22 кмге чейинки аймактарда кеңейтүү жана жер иштеринин жүрүп жатканы белгиленди. Мындан тышкары, 46 суу өткөрүүчү түтүктөр орнотулуп, 2 көпүрө реконструкцияланып жатат. 9+600 кмде 400 метрлик асфальт төшөлгөн. Башка аймактарда жолдун негизин даярдоо жана асфальттоого даярдык көрүлүүдө. Министр 2 кмдеги асфальтобетон заводунун иши менен таанышты. Завод саатына 160 тонна материал чыгарат. Жол курулушу мамлекеттик капиталдык салымдар эсебинен каржыланат. Арашан – Чункурчак жолу туристтик мааниге ээ, ал лыжа базасына жана эс алуу зоналарына алып барат. Жол курулушу жарандарга ыңгайлуу шарт түзүп, айдоочулардын коопсуз кыймылын камсыздайт.

Бүгүн Тон районунун Ак-Булун айылында Иссык-Көлдүн түштүк жээгинде 15 гектар аянттагы пансионаттын курулушуна убакыт капсуласы коюлду. Бул жерге мейманкана, административдик имараттар жана спорттук комплекстер кирет.

Корумду – Балбай – Баатыр Иссык-Көл айланма жолунда курулуш иштери кызуу жүрүп жатат. Жаңы төрт тилкелүү жолдун негизги катмары төшөлүп, көпүрөлөр жана жер астындагы өткөөлдөр курулууда. Жолдун ортосунда металл тосмолор, жарыктандыруу, жашылдандыруу, автобус токтоочу жайлар жана эс алуу аймактары каралган.

КРнын Министрлиги квадроциклдарды корголгон аймактарда жана жээк зоналарында колдонууга чектөө киргизүүнү сунуштайт. Бул чаралар экосистемаларга терс таасирлерди азайтууга багытталган.

Ош шаарында А.Масалиев көчөсүнүн Ж.Раимбековдон Бабараимовго чейинки бөлүгүнүн жаңыланган инфраструктурасы ачылды. Көчө кеңейтилип, эс алуу зоналары жана велосипед жолдору түзүлдү.

Баткен шаарында мамлекеттик программа алкагында көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу жүрүп жатат. "Асман Резиденс №1" комплексинде 12 кабаттуу 37 блок курулууда, 2 364 батир болот. Курулуш график боюнча жүрүүдө, 500 жумушчу иштеп жатат. Программа жалпы 4 116 батирди камтыйт.

Нарын шаарында эски коомдук мончо тездетилген тартипте бузулуп, ордуна заманбап 200 орундуу мончо курулат. Анда бассейн, эс алуу жайлары, чачтарач жана ашкана болот.