Тег зонасын

Кыргызстандын 72 миңге жакын жараны Орусияда мыйзамсыз жүрөт – ТИМ

2024-жылдын октябрына карата Россиядагы Кыргызстандын дээрлик 72 миң жараны миграциялык мыйзамдарды бузгандыктан “коркунучтуу зонада” турат. Тышкы иштер министрлиги жарандарды укуктук статусун текшерип, мыйзамдаштыруу үчүн керектүү документтерди берүүгө чакырат. 2025-жылдын 5-февралынан тарта миграциялык мыйзамдарга жаңы өзгөртүүлөр күчүнө кирет, бул документтерин иретке келтирбегендерди депортациялоого алып келиши мүмкүн.