Кыргызстанда жыл башынан бери 86 миңден ашык эмгек мигранттарынын балдары көзөмөлгө алынды.
Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын 9 айында туугандарынын колунда калган 86 миңден ашык эмгек мигранттарынын балдары көзөмөлгө алынды. Алардын ичинен 72 миңдей баланын ата-энеси чет өлкөгө кеткен. Зордук-зомбулуктун алдын алуу жана мындай балдарды аныктоо максатында 296 миңден ашуун сурамжылоо жүргүзүлгөн.