Такир-Тор көлү кайрадан жарылды: 782 адам эвакуацияланды.

Ысык-Атин районундагы Такыр-Тор көлүндө суунун деңгээли көтөрүлүп, жолдорду каптады. МЧС жана башка кызматтардын жардамы менен 780 адам эвакуацияланып, кырдаал туруктуу абалга келтирилди.

[adrotate_integration id=”2″]

🌊 Ысык-Атин районундагы Такыр-Тор көлүндө суунун деңгээли көтөрүлүп, автожолду каптады.

🚨 Түнкү саат 3:00дө суу көтөрүлүп, Алмалуу жана Кебек Бий (Горная-Серафимовка) айылдарынын ортосундагы жолду каптады.

🏠 Ыкчам топтун аракети менен Алмалуу айылынан 500, Кебек Бий айылынан 240 адам эвакуацияланды.

🚑 Куткаруу иштерине 21 МЧС кызматкери, 80 ИИМ кызматкери, 8 тез жардам унаасы, 15 ыкчам топтун унаасы, 7 микроавтобус жана жеңил автоунаалар катышты.

🔍 Министр Бообек Ажикеев Такыр-Тор көлүндөгү кырдаалды көзөмөлдөп турат, учурда абал турукташып, эвакуацияланган тургундар үйлөрүнө кайта башташты.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x