


[adrotate_integration id=”2″]

🌿 “Айджен Компани” ишканасы ноябрь айында өндүрүшүн жаңыртып, күнүнө 2 тонна жашылча иштетүүгө киришет.
🏭 Ишкана 18 жылдык тажрыйбага ээ болуп, толук өндүрүш циклин ишке ашырууда. Бул долбоор КНЧ менен кызматташтыкта жүргүзүлүүдө.
🌱 Компаниянын карамагында 70 сотых жылыжай жана 9 гектар ачык айыл чарба жерлери бар. Негизги өсүмдүктөр: капуста, дайкон, калемпир жана башка салат ингредиенттери.
🥗 Жаңыртылган өндүрүштө алты түрдүү корей салаттары чыгарылат: кимчи, кактуги, маныльтэн, танмучи, канжан маныльтэн жана модум чанъаччи.
📈 Долбоордун негизги артыкчылыгы — жергиликтүү өндүрүшкө багытталгандыгында. Бардык чыгымдардын 97%ы Кыргызстан ичинде калат, болгону 3%ы корей үрөндөрүн сатып алууга жумшалат.
💼 Долбоор жаңы жумуш орундарын түзүп, экспорттук потенциалды кеңейтип, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун бекемдейт жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүгө салым кошот.
🚀 2008-жылы негизделген “Айджен Компани” салттуу технологияларды заманбап стандарттар менен айкалыштырып, сапаттуу айыл чарба продукцияларын өндүрүүдө алдыңкы орунда турат.






