🌱 Талас облусунда фасольдын түшүмү 70,8 миң тоннага жетти.
💰 Министрлик фермерлерди колдоо максатында «Кыргыз Агрохолдинг» акционердик коомуна фасоль сатып алуу үчүн 100 млн сом бөлгөн.
📊 Фасоль 95 сомдон сатылып, башка сатып алуучулар 92 сомдон алууда.
🌾 2023-жылы фасоль 53,6 миң гектарга себилип, жалпы түшүм 72,3 миң тонна болгон.
📈 2024-жылы 53,2 миң гектарга себилип, түшүм 82,5 миң тоннага жетти, орточо түшүмдүүлүк 18,4 центнерди түзгөн.
🌿 2025-жылы себүү аянты 55,8 миң гектарга жетип, түшүм 84,2 миң тоннага чыкты, орточо түшүмдүүлүк 15,7 центнерди көрсөткөн.
🚫 Фасоль 100 миң тоннадан ашык сатылбай жатат деген маалыматтар чындыкка туура келбейт.
💵 Учурда Талас облусунда фасоль төмөнкү бааларда сатылууда: «Скороспелка» — 155-160 сом, «Лопатка» — 95 сом, «Томат» — 92 сом.










