🤔 Бишкекте белгилүү бийчи Жан Воинов коомдук тартипти бузгандыгы үчүн кармалды.
👮♂️ 30-июнда түн ортосунда Киев көчөсүндөгү мейманканалардын биринде Жан Воинов коомдук тартипти одоно бузуп, бирөөгө дене жаракаттарын келтирген.
📜 Бул факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Хулиганчылык) боюнча кылмыш иши козголду.
🔍 Милиция кызматкерлери шектүү катары 1996-жылы туулган Жан Воиновду аныктап, кармап, суракка алышты.
🚔 Жан Воинов Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, тергөө иштери уланууда.