Ташкентте IV Эл аралык инвестициялык форум өтүүдө

Ташкенттеги Эл аралык инвестициялык форум Борбор Азиядагы ири инвестициялык аянтча болуп, 100гө жакын өлкөдөн 8 миңден ашуун делегатты чогултту. Форумда энергетика, инфраструктура, айыл чарба жана санариптик технологиялар боюнча ири долбоорлор сунушталды.

[adrotate_integration id=”2″]

🌍 Ташкентте өткөн Эл аралык инвестициялык форум Борбор Азиядагы эң ири инвестициялык аянтча болуп саналат.

👥 Форумга дүйнөнүн 100гө жакын өлкөсүнөн 8 миңден ашуун делегат, анын ичинде мамлекет башчылары, өкмөт башчылары, эл аралык каржы институттарынын жана ири компаниялардын өкүлдөрү катышууда.

🇰🇬 Кыргызстанды бул иш-чарада министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев баштаган делегация өкүлү катары катышууда.

🏢 Форумда энергетика, инфраструктура, айыл чарба, санариптик технологиялар, пайдалуу кендерди казып алуу жана өнөр жай сыяктуу тармактардагы ири инвестициялык долбоорлор көрсөтүлдү.

🇺🇿 Ушул жылы биринчи жолу Өзбекстандын өнөр жай жана инвестициялык потенциалына арналган улуттук көргөзмө уюштурулуп, анда 90дон ашуун компания өз долбоорлорун сунуш кылды.

📰 Форумду 31 өлкөдөн келген ММК өкүлдөрү, анын ичинде Кыргызстандын Улуттук маалымат агенттиги «Кабар» да чагылдырып жатат.

🤝 Форумдун алкагында эки тараптуу жолугушуулар, долбоорлордун презентациялары жана жаңы келишимдерге кол коюу иш-чаралары өткөрүлөт.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген