




🚨 Баткен облусунун Лейлек районунда чек арачылар 1 миллион 900 миң сомго жакын аткезчилик жүктү кармашты.
📦 9-январь күнү Курук-Сай тилкесинде 3 тонна тооктун фаршын жана 300 кг май куйрук майын керектүү документтери жок ташып бара жаткан Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа токтотулган.
🚙 10-январь күнү Достук-Мурас унаа жолунда тиешелүү документтери жок 8 кутуга 1,5 миллион сомго жакын электрондук тамеки алып бара жаткан Toyota Corolla үлгүсүндөгү унаа кармалган.
📋 Кармалган айдоочулар жана аткезчилик жүктөр кошумча иликтөө үчүн компетенттүү органдарга өткөрүлүп берилди.
⚖️ Чек арачылар контрабанда менен активдүү күрөшүп, чек арадан жүк алып өтүүнү көзөмөлдөөнү улантууда.






