Тегеранда ЭКӨ өлкөлөрүнүн ортосундагы транспорттук коридорлорду өнүктүрүү талкууланды

Бекжан Рысмендеев Тегеранда өткөн ОЭСке мүчө мамлекеттердин транспорт министрлеринин жолугушуусуна катышты. Жолугушууда чек араларды кесип өтүү, транспорттук байланыштарды өнүктүрүү жана экологиялык жүк ташууларды илгерилетүү маселелери талкууланды.

[adrotate_integration id=”2″]

🌍 Региондук транспорттук байланышты өнүктүрүү жана туруктуу өнүгүү маселелери Тегеранда өткөн Экономикалык кызматташтык уюмуна (ОЭС) мүчө мамлекеттердин транспорт жана жол министрлеринин 13-жыйынында талкууланды.

🚛 Жолугушуунун күн тартибине чек араларды кесип өтүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, деңиз жана аба транспорту, документтердин санариптештирилиши, экологиялык жана коопсуз жүк ташууларды илгерилетүү кирди.

🚆 Автомобиль жана темир жол коридорлорун өнүктүрүү, ошондой эле региондогу мамлекеттердин ортосундагы транспорттук интеграциянын негизги багыттары каралды.

📜 Жыйындын жыйынтыгында транспорт чөйрөсүндө регионалдык өз ара аракеттенүүнү чыңдоого багытталган Тегеран декларациясы кабыл алынды.

🤝 Экономикалык кызматташтык уюмуна Азербайжан, Афганистан, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия жана Өзбекстан кирет.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген