🚧 Бишкекте коопсуздукту жакшыртуу максатында темир жолго темир тосмолор орнотулууда.
🔒 Орнотулган шлагбаумдар кырсыктардын алдын алууга жана адамдардын рельсте калуу коркунучун азайтууга жардам берет.
🚉 Учурда Сокулук менен Бишкек-1 станцияларынын, ошондой эле Бишкек-1 жана Бишкек-2 станцияларынын ортосундагы аймактарга 10 чакырымдай тосмолор орнотулду.
👷♂️ “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасы жаңы коргоо чараларын киргизүү менен жүргүнчүлөрдүн жана тургундардын коопсуздугун жогорулатуу боюнча жигердүү иш алып барууда.