🌾 2025-жылы Тогуз-Тороо районуна 46,2 тонна арзан дизельдик күйүүчү май бөлүндү. Бул күйүүчү май жазгы талаа иштерин өз убагында жүргүзүү үчүн каралган.
🚜 Аймактагы дыйкандарга 25,5 тонна дизельдик күйүүчү май 65 сомдон литри сатылып, жеңилдетилген баада бөлүштүрүлдү.
⛽ Райондо “Ред Петролиум” май куюучу станциясы жок болгондуктан, күйүүчү май жеткирүүдө жана талонотторду алууда кыйынчылыктар жаралды.
📱 Бул маселени чечүү үчүн “Red Pay” тиркемесине кошумча программа иштелип чыгып, жеңилдетилген дизельдик күйүүчү майды бөлүштүрүү жеңилдетилди.
🚛 Жыйноо кампаниясына даярдык көрүү максатында аймакка мобилдик май куюучу станция аркылуу 1,5 тонна күйүүчү май жеткирилип, ар бир фермерге 100 литрден бөлүштүрүлдү.






