📚 Токмок шаарында эки мектепке жаңы окуу корпустары курулат, жалпы 1600 окуучу орунга эсептелген. Бул долбоорлорго 440 миллион сом бөлүнөт.
🏗️ №1 А.С. Пушкин атындагы жана №2 орто мектептерге кошумча окуу корпустары курулат. Бул иштер 2026-жылы башталат.
💰 Ар бир корпустун курулушу 220 миллион сомго бааланган, жалпы сметалык наркы 440 миллион сомду түзөт.
🚧 Долбоорлор Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин капиталдык курулуш объекттеринин тизмесине киргизилген.
🛣️ Ташиев Токмокто жаңы жолдор, инфекциялык бөлүмдүн корпусу курулуп, автобустар жана атайын техника сатып алынарын кошумчалады. Бул иштерге Стабилизациялык фонддон 2 миллиард 55 миллион 500 миң сом бөлүнөт.






