🚨 Токмокто окуучу кызга мыкаачылык менен кол салуу боюнча иш тергелип жатат.
👩🏫 17-сентябрда Токмок шаарындагы 6-класстын окуучусу классташынын кол салуусунан улам башынан жабык жаракат алып ооруканага жеткирилген.
🔍 Окуя математика сабагы учурунда болгон кызды теңтуштары сабап кетишкен.
⚖️ Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп, окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.
👮♂️ Милиция кызматкерлери мектеп окуучуларынын арасында кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган мектептерде профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүнү улантууда.
🛡️ Укук коргоо органдарынын аракетине карабастан, коомдо олуттуу кооптонууну жараткан мындай окуялар уланууда.