🏥 Токмок шаарында заманбап медициналык объект курулат.
🔧 Учурдагы инфекциялык бөлүмдүн имараты техникалык абалы начар жана заманбап талаптарга жооп бербейт.
💰 Жаңы имараттын курулушу Катар кайрымдуулук фондунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылат. Токмок шаарынын мэриясы бул максатта 1 миллион 300 миң сом бөлөт, ал эми негизги чыгымдарды — 5 миллион сомду Катар фонду жаап берет.
📅 Курулуш иштерин баштоо 2025-жылдын август-сентябрь айларына пландалган.
🤝 Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан апрель 2025-жылы жөнөтүлгөн расмий каттын негизинде Катар фонду бул демилгени колдоду.