🚨 Токмокто аялын системалуу түрдө сабаган адамга кылмыш иши козголду.
👩⚖️ Укук коргоочу Азиза Абдирасулова Акыйкатчыга, Башкы прокурорго жана Ички иштер министрине үй-бүлөлүк зомбулук боюнча кырдаалга көңүл буруу өтүнүчү менен кайрылды.
📅 2024-жылдын 21-сентябрында Токмок ШИИБге эркек киши аялын сабап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
📝 1996-жылы туулган аял арыз менен кайрылып, анда ал 1994-жылы туулган күйөөсү тарабынан дайыма ур-токмокко алынып, сөгүлүп жатканын көрсөткөн.
🏥 Ошол эле күнү жабырлануучу Улуттук госпиталга кайрылып, ага баш мээсинин жабык травматикалык травмасы жана мээси чайкалган деген диагноз коюлган.
⚖️ Бул факты боюнча 2024-жылдын 28-сентябрында үй-бүлөлүк зомбулук беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, керектүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
🔍 Кырдаал укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө, жабырлануучуну коргоо чаралары көрүлөт.