🚧 Токмок шаарында инфраструктураны жакшыртуу үчүн ири долбоорлор ишке ашырылууда.
🛣️ Шаардын ички жолдорун капиталдык оңдоо жана куруу үчүн 1 млрд 812 млн 900 миң сом бөлүндү.
🏥 Жаңы инфекциялык бөлүмдүн корпусун курууга 134 млн 600 миң сом каралган.
🚌 Жергиликтүү транспортту жаңыртуу максатында 10 шаардык автобус жана 2 атайын буроо техникасы сатып алынат, бул үчүн 108 млн сом бөлүндү.
💰 Бул долбоорлорго жалпы 2 млрд 55 млн 500 миң сом Стабилизациялык фонддон бөлүнүп, шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.






