🌳 Бишкек шаарында жашылдандыруу акциясы өтүп, анда 1000ден ашык теректин көчөттөрү отургузулду.
🌱 Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын жана “Айыл Банк” ААКсынын кызматкерлери биригип, аймактын экологиясын жакшыртууга киришти.
🌍 Акция жашыл мейкиндиктерди калыбына келтирүүгө жана коргоого багытталган “Жашыл Мурас” улуттук кампаниясынын алкагында өттү.
🌼 Көчөттөрдү отургузуу Бишкек токой чарба ишканасынын аймагында болуп, шаардагы жашыл аймактарды көбөйтүүгө жардам берет.
🌿 Мындай иш-чаралар экологиялык абалды жакшыртууга гана жардам бербестен, жаратылышты коргоонун маанилүүлүгүн коомчулуктун аң-сезимин арттырат.