🌊 Токтогуль ГЭСинде реабилитация жана модернизация иштери 94% аяктады. Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, төртүнчү гидроагрегаттын реконструкциясы дээрлик бүтүп, 2025-жылдын ноябрында ишке киргизүү пландалууда.
🔧 Иш-чаралардын негизги максаты – станциянын иштөө мөөнөтүн узартуу, орнотулган кубаттуулукту 1200 МВттан 1440 МВтка чейин көбөйтүү жана заманбап автоматташтырылган башкаруу системасын киргизүү.
🛠️ Долбоор үч этапта ишке ашырылууда. Биринчи этапта гидромеханикалык жабдууларды модернизациялоо иштери жүрүп жатат. ZMEC (Кытай) жана SMP (Корея) консорциуму бул иштерди аткарып, негизги жабдууларды ийгиликтүү жаңыртты.
🔄 Экинчи этапта гидроагрегаттарды толук алмаштыруу иштери жүргүзүлүүдө. GE Hydro France жана GE Renewable компаниялары үч агрегатты жаңыртып, ишке киргизишти. Төртүнчү агрегаттын модернизациясы да аяктоонун алдында турат.
📊 Үчүнчү этапта плотинаны мониторинг кылуу системасы орнотулат. ZPT–ZGC–SMP консорциуму бул иштерди алып барып, негизги даярдык жана монтаждоо иштерин аяктады.
🚀 Долбоордун бардык этаптары ишке ашырылгандан кийин, Токтогуль ГЭСинин өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү кеңейип, анын ишенимдүүлүгү кыйла жогорулайт.






