💧 Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли 13,2 миллиард кубометрге жетти.
📊 Орточо суткалык суунун агып кириши секундуна 330 куб метрди түзсө, чыгымы секундасына 114 куб метрди түзүүдө.
📅 Өткөн жылдын ушул маалында суунун көлөмү бир топ аз – 11,8 миллиард кубометрди түзгөн.
⚡ Токтогул ГЭСи Кыргызстанды электр энергиясы менен камсыз кылууда негизги ролду ойнойт.
🔋 Суу сактагычтагы суунун туруктуу деңгээли өлкөнүн энергетика системасынын туруктуу иштеши үчүн маанилүү.