🚨 Токтогул районунда маңзат сатуучулардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.
🚔 Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери баңгизаттарды даярдоо жана сатуу менен алектенген топту кармашты.
🔍 Операция учурунда Кыргызстандын үч жараны болгон унаа токтотулган.
💊 Унаанын ичинен 573 грамм “гашиш” салынган баштык жана аны даярдоочу жабдыктар табылган.
⚖️ Баңги затын ири өлчөмдө мыйзамсыз жүгүртүү беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.