



🌞 Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын жетекчиси жана министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев министрлер кабинетинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Жыйындын күн тартибинде министрлер кабинети менен бир катар жоопкерчилиги чектелген коомдордун ортосунда түзүлгөн инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышы жана министрлер кабинетинин токтом долбоорлору каралды.
🔋 Иссык-Көл облусунун Иссык-Көл районундагы Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагында 1900 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясын куруу жана эксплуатациялоо долбоорунун инвестициялык келишими министрлер кабинетинин мүчөлөрү тарабынан жактырылды.
⚡️ Энергетика министри Таалайбек Ибраев электр энергиясынын 3–4 миллиард кВт·ч тартыштыгы күз-кыш мезгилинде өсүп жаткан шартта, кайра жаралуучу энергия булактары жаатындагы жаңы долбоорлорду активдүү ишке ашыруу өлкөнүн энергетика секторунун негизги милдеттеринин бири экенин белгиледи.
🛠 Жыйындын соңунда Адылбек Касымалиев тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жетекчилерине кабыл алынган чечимдерди сапаттуу ишке ашырууну камсыз кылууну тапшырды жана президенттин администрациясына нормативдик укуктук актылар долбоорлорун киргизүүдө белгиленген нормаларды так сактоого чакырды.