Toyota Group Бишкектин 3D-моделин түзүүгө кызыкдар болду

Aero Asahi Corporation компаниясы Бишкек шаарынын санарип картасын жана 3D моделин түзүүдө кызматташтык сунуштап, шаарды өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

[adrotate_integration id=”2″]

🌍 Бишкек шаарында Aero Asahi корпорациясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Бул компания дүйнөгө белгилүү Toyota Group брендинин бир бөлүгү болуп саналат.

📊 Компания Бишкек шаары үчүн геомаалыматтарды колдонуп, санариптик картаны жана 3D моделди түзүү боюнча кызматташтык сунуштоодо.

🌐 Aero Asahi корпорациясы дүйнө жүзү боюнча 50 өлкөдө 200гө жакын долбоорду ийгиликтүү ишке ашырган.

🏗️ Компаниянын иштери контрольдук чекиттерди тартуу, нивелирлөө, топографиялык картография, ГИС маалыматтарды түзүү жана башка системаларды камтыйт.

🏙️ Бишкек шаардык архитектура башкармалыгы мындай заманбап жана келечектүү долбоорлорго кызыкдар экенин билдирди.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген