🏡 Америкада ипотекалык насыялардын мөөнөтүн 50 жылга узартуу сунушталууда.
📈 Президент Дональд Трамп, Fox News телеканалына берген интервьюсунда, көптөгөн америкалыктарга турак-жай сатып алуусу кыйын болуп жаткандыгын эске алып, ипотекалык насыялардын мөөнөтүн 50 жылга узартуу идеясын колдой тургандыгын билдирди.
💬 Трамп, “40 жылдан 50 жылга чейин… бул анчалык чоң өзгөрүү эмес. Мүмкүн, бул бир аз жардам берет,” – деп белгиледи.
🏠 Учурда Америкада ипотекалык насыялардын орточо мөөнөтү 30 жылды түзөт.
📊 Турак-жайга жеткиликтүүлүк кризиси өлкөдө актуалдуу маселе болуп калууда.






