🌊 Жогорку Кеңештин “Альянс” фракциясынын депутаттары Улуу Чүй каналын жакшыртуу боюнча долбоорду талкуулашты.
🏞️ Депутат Жумабек Салымбековдун сунушу менен Карагачева токоюнан Жаш Гвардия бульварына чейинки каналды жана анын тегерегин жакшыртуу камтылган. Бул Бишкектин төмөнкү түндүк бөлүгүн өнүктүрүү концепциясынын бир бөлүгү болуп калат.
💬 Салымбеков кызыкдар тараптар менен кеңири талкуулоонун жана долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи, ал экономикалык жана экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө, ошондой эле аймактын туристтик жана транспорттук потенциалын ачууга жардам берет.
🚧 Жакшыртуу иштеринин алкагында каналды бекемдөө, жолдорду жана тротуарларды куруу, отургучтарды орнотуу жана ишкердикти өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүчү зарыл инфраструктураны түзүү пландаштырылууда.
💰 Фракция лидери Жанарбек Акаев республикалык жана шаардык бюджеттен, өнөктөш уюмдардан каражат тартуу зарылдыгын белгиледи. Ал ошондой эле канал куруучулар-дын эстелигин эбе-гейлештирууге да кецул бурду.
👥 Долбоорду талкуулоого Бишкек мэриясынын жана ар кандай мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.
🏥 Соңунда депутаттар жылына 1000ге жакын адамды кабыл алган улгайган адамдарга реабилитациялык кызмат көрсөткөн Ардагер геронтологиялык борборуна барышты.