Тышкы иштер министри кыргызстандыктарды Россиядагы кара тизмеден сентябрга чейин чыгып үлгүрүүгө чакырды.

Кыргызстандыктардын Россиядагы миграция мыйзамдарын бузгандардын тизмесинен чыгууга мүмкүнчүлүгү бар. Бул үчүн 2025-жылдын сентябрына чейин документтерди легалдаштыруу керек.

🇰🇬 Кыргызстандын жарандарына Россияда миграция мыйзамдарын бузгандыгы үчүн “кара тизмеге” киргендерге 2025-жылдын сентябрына чейин укуктук макамын жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү берилди.

📄 Бул мүмкүнчүлүк Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Россия президенти Владимир Путинге мигранттардын документтерин легалдаштыруу мөөнөтүн узартуу өтүнүчү менен кайрылуусунан кийин пайда болду.

👥 Учурда 70 миңге жакын кыргызстандык “кара тизмеде” турат, бирок алардын ичинен болгону 3 миңге жакын адам реестрден чыга алды.

🕒 Жарандарга кайрылуу: убакытты текке кетирбеңиздер, миграциялык бөлүмдөргө же Кыргызстандын Россиядагы элчилигине жана консулдук мекемелерине кайрылып, зарыл маалыматты тактап, укуктук макамды легалдаштыруу процедурасын баштаңыздар.

📋 Реестрден чыгуу үчүн төмөнкү кадамдарды жасоо зарыл: миграциялык бөлүмгө кайрылып, реестрге кирүү себебин тактоо, дактилоскопиядан өтүү жана медициналык кароодон өтүү.

📑 Эгерде документтерде кемчиликтер болсо, административдик жоопкерчилик каралып, 5000–7000 рубль өлчөмүндө айып пул салынат. Айып пул төлөнгөндөн кийин документтер легалдаштырылат.

🕘 Россия тарап ички иштер бөлүмдөрүнүн иштөө убактысын эки саатка узартты. Бул кошумча мүмкүнчүлүктү пайдаланып, мөөнөттү узартууга үмүт артпай, маселени өз учурунда чечүү керек.

✅ Өз убагында легалдаштыруу — ар бир жарандын жеке жоопкерчилиги.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x