🌍 Бишкекте Кыргызстан менен Италиянын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү талкууланууда.
🤝 Улуттук инвестиция агенттигинин директору Талантбек Иманов Италия-Кыргыз жана Италия-Казакстан соода-өнөр жай палаталарынын өкүлдөрү менен жолугушту.
💡 Иманов энергетика, тоо-кен жана айыл чарба тармагындагы приоритеттүү долбоорлорго, ошондой эле мамлекет тарабынан инвесторлорго көрсөтүлүп жаткан колдоолорго токтолду.
📈 Жакында Римде өткөн кыргыз-италиялык бизнес форумда айыл чарба, жеңил өнөр жай жана банк сектору сыяктуу тармактарга инвестициялык мүмкүнчүлүктөр сунушталды.
📝 Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн экономикасынын өсүшүнө салым кошо турган инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда активдүү кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюуну макулдашышты.