УКМКнын жетекчилигине кол салууга даярданган Руслан Бостеринский кармалды.

Криминалдык чөйрөдө Рус Коэн деген ат менен таанымал Руслан Бекбоевич Дүйшеев Бишкектен кармалды. Ал К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү болуп, УКМКнын жетекчилигине кол салууну пландаган. Дүйшеев мурда оор кылмыштар үчүн соттолгон, азыр уюшкан кылмыштуу топко катышкан деп айыпталууда. Учурда тергөө иштери уланууда.

🚨 Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды.

👮‍♂️ Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кылмыш чөйрөсүндө Рус Коэн же Руслан Бостеринский деген каймана ат менен белгилүү Дүйшеев Руслан Бекбоевич кармалды.

🔍 Ысык-Көл районунун Бостери айылынын тургуну Дүйшеев мурда тергөөдөн жашырынып жүргөн жана уюшкан кылмыштуу топтун лидери К.Асанбектин жакын санаалаштарынын бири. Анын чоң кылмыш тарыхы бар, анын ичинде тоноо жана киши өлтүрүү боюнча соттолгон.

💣 Колдо болгон маалыматтарга караганда, Дүйшеев издөөдө жүргөндө Кыргызстандын УКМК жетекчилигине кол салууну пландаган.

🔒 Ыкчам иш-чаранын натыйжасында ал УКМКнын СИЗОсуна киргизилип, уюшкан кылмыштуу топту түзгөн жана ага катышкан деген айып тагылган.

🔎 Тергөө иштери уланып, укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун башка мүчөлөрүн аныктоо жана кармоо иштери жүрүүдө.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x