🔍 Бишкекте “Хизбут-Тахрир” экстремисттик уюмунун мүчөлөрүнүн үйүндө тинтүү иштери жүргүзүлдү.
📚 Экстремизмге каршы күрөшүү иш-чараларынын жүрүшүндө аталган уюмдун активисттеринин 7 жашаган жери тинтүүгө алынган.
📱 Тинтүү иштеринин натыйжасында 53 китеп, 8 уюлдук телефон, 20 брошюра, 26 дептер, 1 ноутбук, 1 флешка жана 2 банк картасы алынган.
🔍 Бардык алынган материалдар Кыргызстандын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик экспертиза кызматына диний экспертизага жөнөтүлдү.
⚖️ Экспертизанын жыйынтыгы менен кылмыш ишинин катышуучуларына Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык тийиштүү чаралар көрүлөт.