🕊️ Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын ардагери Намазов Шаимбек 97 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.
📅 Намазов Шаимбек 1929-жылдын 12-апрелинде Ысык-Көл районунун Жаркынбаев айылында төрөлгөн.
👮 1949-жылдан 1975-жылга чейин Кыргыз ССРинин мамлекеттик коопсуздук органдарында кызмат өтөгөн.
🎓 СССРдин КГБсынын Жогорку курстарын бүтүргөн жана Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин алдындагы КГБда ар кандай оперативдик жана жетекчилик кызматтарды ээлеген.
🤝 Намазов Шаимбек боорукер, мээримдүү жана сезимтал адам, жакшы дос жана ишенимдүү кесиптеш катары эсте калат.
🧠 Акыркы күндөрүнө чейин акыл-эси жайында болуп, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлерине баалуу кеңештерин берип келген.






