🕊️ Бишкекте Улуттук коопсуздук органдарынын ардагери каза болду.
🕊️ 2024-жылдын 7-октябрында бүт өмүрүн Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде кызмат өтөөгө арнаган отставкадагы полковник Осмонов Мурат Эмилович каза болгон.
🕊️ УКМКнын жетекчилиги жана кызматкерлери маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
🕊️ Осмонов Мурат Эмилович Кыргызстандын улуттук коопсуздук тарыхында орчундуу из калтырды.
🕊️ Анын өлкө кызыкчылыгын коргоого, элге кызмат кылууга кошкон салымы эскерилип, бааланат.