








🇰🇬 Кыргызстан элинин саны 1941-жылдын башында 1 миллион 588 миң адамды түзүп, 1946-жылдын башында 1 миллион 457 миң адамга чейин азайган. Бул маалыматтар Улуттук статистикалык комитеттин материалында берилген.
👥 Кыргызстан согуш жылдарында 360 миңден ашуун аскерин фронтко жөнөтүп, 300 миңден ашуун жаңы тургундарды кабыл алган.
🏭 Улуу Ата Мекендик согуш учурунда республикага Украина, Россия жана Беларусиянын убактылуу оккупацияланган аймактарынан 30дан ашуун өнөр жай ишканаларынын жабдуулары эвакуацияланган.
🔧 Эвакуацияланган ишканалардын негизинде жаңы ишканалар курулуп, фронтко зарыл болгон продукцияны кыска мөөнөттө чыгара баштаган. Бул ишканалар фронтко ар тараптуу жардам көрсөтүүдө маанилүү роль ойногон.
📈 1945-жылы өнөр жай продукциясынын көлөмү 1940-жылга салыштырмалуу 22 пайызга өскөн, ал эми машина куруу жана металл иштетүү продукциясы 3,5 эсеге көбөйгөн. Электр энергиясын өндүрүү 1,5 эсеге өскөн.
🌾 Колхоздор жана совхоздор коргонуу фондуна 4,5 миллион пуддан ашуун дан азыктарын жана 500 миң пуд эт тапшырган.
⚡️ Эвакуацияланган ишканалардын электр энергиясына болгон муктаждыгынын өсүшүнө байланыштуу Лебединовская ГЭСинин курулушу кайра жандандырылып, Аламединская ГЭС-1дин курулушу 1943-жылы башталып, 1945-жылы аяктаган.
🚜 1941-жылы кыска мөөнөттүү курстарда 2 812 тракторист даярдалган, алардын 2 787си аялдар болгон. Ошондой эле 570 комбайнер даярдалган.
🏠 Согуштун кыйынчылыктарына карабастан, турак-жай курулуштары да жүргүзүлгөн.
🔄 Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштен кийин республика экономикасы кыска убакытта тынчтык мезгилге ыңгайлашкан.