



🌍 Министр транспорта жана коммуникациялар Абсаттар Сыргабаев Ош облусуна иш сапары менен барып, Узген-Мырза-Аке-Кара-Кулжа автожолундагы курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.
🛣️ Быйылкы жылы бул жолдо капиталдык салымдар боюнча 34 км асфальт төшөө пландаштырылууда.
🚧 Подряддык компания өкүлдөрү менен жолугушууда министр Сыргабаев иштин темпин ылдамдатуу жана сапатка өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.
📅 Азыркы учурда автожолдор боюнча иштер графикке ылайык толук кандуу жүрүп жатат.
🔍 Министр Ош-Баткен-Раззаков, Кайрагач-Кулунду-Арка жана Самаркандек-Жети-Таш-Мурас сыяктуу жолдордун курулушунун жүрүшүн да текшерип чыкты.