• Октябрь районунда, Кок-Жар айылында жаңы №57 бала бакчасы ачылды.
• Жаңы бала бакча 140 баланы кабыл алууга арналган, бирок жаңы технологиялардын жардамы менен 280 балага чейин орун кеңейтилип, долбоордук кубаттуулугу эки эсеге көбөйтүлдү.
• Бала бакчанын эки кабаттуу имаратында бардык зарыл болгон жайлар бар: кийим алмаштыруучу, оюн залы, уктоочу бөлмө, медициналык кабинет, азык-түлүк сактоочу жай, ашкана, спорт зал, музыкалык зал жана техникалык инвентарларды сактоо үчүн жайлар.
• Октябрь районунда жалпы 42 муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдары жайгашкан.
• Жаңы бала бакчанын ачылышы, аймактагы билим берүү инфраструктурасын жакшыртууга жана балдардын санынын өсүшүнө мүмкүнчүлүк берет.