








🚧 Бишкек шаарында Власова көчөсүндөгү жолдун 9 Январь көчөсүнөн Кайназарова көчөсүнө чейинки бөлүгүндө оңдоо иштери жүрүп жатат.
🔧 Эски асфальт алынып, ирригациялык система орнотулду.
🛠 Жакын арада жолдун негизин даярдоо иштери аяктап, жаңы асфальт төшөлөт.
🏗 Жумуштарды “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын адистери аткарып жатышат.
✅ Жол оңдоо иштери шаардыктардын жүрүүсүн жакшыртып, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган.