🌿 Иссык-Көлдүн экологиясын туруктуу өнүктүрүү үчүн туризмди башкаруу долбоорунун алкагында, Азиат өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен, бүгүн саркынды сууларды тазалоочу курулмалар, насостук станциялар жана канализация коллекторлорун куруу боюнча подряддык компаниялар менен келишимге кол коюлду.🔧 Келишим Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги менен Кытайдын China Road and Bridge Corporation, Tianjin Rong Tai Water Co., Ltd, Tianjin Motimo Membrane Technologies Co., Ltd компаниялары жана Түркия менен Өзбекстандын биргелешкен ALCATAS-MESMER ишканасынын ортосунда түзүлдү.🏢 Долбоор Чолпон-Ата шаарындагы жана ага жакын жайгашкан Бостери, Кара-Ой жана Бактуу-Долоноту айылдарындагы бардык пансионаттарды бирдиктүү борборлоштурулган канализация системасы менен камсыз кылууну карайт.📈 Бул чара Ысык-Көл аймагында туризмдин туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.