🌊 Иссык-Көл көлүндөгү сууну сезон сайын үч жолу текшерүүдөн өткөрүшөт.
🔍 Экологиялык мониторинг департаментинин координатору Айнура Дарбакова, Иссык-Көлдүн суусун текшерүү департаменттин милдеттерине кирерин жана бул иштер жыл сайын жүргүзүлөрүн белгиледи.
📅 Суунун үлгүлөрү май айында туристтик сезон баштала электе, июлдун аягында сезон ортосунда жана сентябрда сезон аяктагандан кийин алынат.
🧪 Текшерүүлөрдүн жыйынтыктары регионалдык эколого-техникалык көзөмөл кызматына өткөрүлүп берилет.
🛥 Туристтик сезон учурунда суунун булганышы көбүнчө суу транспорту колдонулгандыктан пайда болот, бирок олуттуу деңгээлге жеткен эмес.
🔢 Сууну текшерген адистер үлгүлөрдүн кайсы жерден алынганын билишпейт, анткени пробиркаларда болгону номерлер көрсөтүлөт.