🚨 Бишкекте коррупцияга тиешеси бар резонанстуу адамдар кармалды.
👮♂️ Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн мурдагы башчысы жана жайыт комитетинин экс-төрагасы документтерди жасалмалоо жана жерди уруксатсыз басып алуу боюнча айыпталып, камакка алынды.
📜 2023-жылы жайыт комитетинин экс-төрагасы жыйындын протоколун бурмалап, эс алуу аймагын түзүү үчүн 2 гектар жер тилкесин мыйзамсыз берүүгө шарт түзгөнү аныкталган.
🏗️ Бул жерге капиталдык курулуштар курулуп, “A.R.Z.” аттуу эс алуу борбору уюштурулган.
⚖️ УКМК мыйзамсыз берилген мүлктөрдү мамлекеттин менчигине кайтаруу иштерин улантууда.