⚡️ Иссык-Көл облусунда электр энергиясын камсыздоо сапатын жакшыртуу боюнча активдүү иштер жүрүүдө.
🔌 2025-жылдын башынан бери Чырпыкты айылында 1 км ВЛ-10 кВ электр линиясы тартылып, 1000 кВА жана 630 кВА кубаттуулуктагы 2 трансформатордук подстанция орнотулду.
🔌 Көк-Мойнок айылында 2 км өзүнчө изоляцияланган зым (СИП) орнотулду.
🔌 Тилекмат айылында 5 км ВЛ-10 кВ линиясы тартылып, 2 трансформатордук подстанция орнотулду.
🔌 Алтын Логистика объектинде 1 км ВЛ-10 кВ линиясы курулуп, трансформатордук подстанциянын ордун которуу жана 400 метр ВЛ-0.4 кВ линиясынын реконструкциясы жүргүзүлдү.
🔌 Ой-Тал айылында 2 км СИП орнотулду, ал эми Курменты айылында 1,8 км өзүнчө изоляцияланган зым тартылды.
🔌 Чоң Жаргылчак айылында 200 метр ВЛ-10 кВ линиясы жана 2 км СИП курулду.
🔧 Жаңы 268 темир-бетон таянычтар орнотулду, бул иш-чаралар электр энергиясын ишенимдүү камсыздоону, тармактардагы жоготууларды азайтууну жана электр энергиясынын сапатын жакшыртууну максат кылат.
🛠 Иссык-Көл ПЭСтин курулуш-монтаждоо бөлүмү электр тармактарын модернизациялоо жана энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатуу программасынын алкагында пландалган иштерди улантат.
🔔 Жумуштар жүргүзүлүп жаткан учурда убактылуу электр энергиясын өчүрүүлөр болушу мүмкүн. Өчүрүүлөр тууралуу маалымат Иссык-Көл ПЭСтин расмий сайтында жана «Менин жарыгым» мобилдик тиркемесинде жарыяланат. Электр энергиясына байланыштуу суроолор боюнча күнү-түнү иштеген байланыш линиялары: 105; 1209; +996 772 001209; +996 556 001209; WhatsApp: +996 702 001209.






