






🌿 Иссык-Көл облусу Кыргызстанда “жашыл” энергетиканын борбору болуп калууда. Бул аймакта жети жаңылануучу энергетика объекттеринин курулушу башталды – эки шамал жана беш күн электр станциялары. Бул долбоорлор Кыргызстанды экологиялык жактан таза энергия булактарына өткөрүү жана аймакка инвестиция тартуу максатында ишке ашырылууда.
💡 Тору-Айгыр айылында “Бишкек Солар” компаниясы 407 гектар аянтта кубаттуулугу 300 мВт болгон күн электр станциясын куруп жатат. Жалпы инвестиция көлөмү 270 миллион долларды түзөт, анын 25 миллиону Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан алынган.
🌬️ Балыкчы шаарында “Метрум KG” компаниясы шамал электр станциясынын долбоорун ишке ашырууда. Бул жерде 9,8 гектар аянтка ар бири 2 мВт энергия өндүрө турган 100 шамал агрегаты орнотулат. Станциянын жалпы кубаттуулугу 200 мВт болот.
🔋 Бул объекттер өлкөдө биринчи болуп, флагмандык долбоорлор катары каралууда. Алар жаңы жумуш орундарын түзүп, энергетикалык коопсуздукту бекемдейт жана Кыргызстанды салттуу энергия булактарынан көз карандысыз кылууга жардам берет.
💧 2025-жылы Иссык-Көлдө төрт чакан ГЭСтин курулушу башталат. Жалпысынан өлкөдө жыл аягына чейин 18 чакан гидроэлектростанция ишке киргизилет.
🔧 Кыргызстанда энергетикалык инфраструктураны модернизациялоо иштери жүрүп жатат. Энергоэффективдүү технологиялар киргизилип, энергия жоготуулары кыскартылууда, ошондой эле советтик мезгилден калган жабдуулар жаңыланууда.