

[adrotate_integration id=”2″]




🌱 Джети-Огуз районунда жайгашкан “Узак Групп” питомниги ички жана тышкы базарлар үчүн мөмө-жемиш көчөттөрүн өстүрүүгө багытталган.
🚜 Аталган питомникта заманбап агротехнологиялар колдонулуп, мөмө-жемиш сектору диверсификацияланууда.
📈 Өсүмдүктөрдүн 7 түрү кара карагат, 2 түрү алмурут, 2 түрү өрүк жана 5 түрү тикенексиз облепиха өстүрүлөт.
🍓 2025-жылдан баштап клубника көчөттөрүн өстүрүү да башталды.
🌳 Питомниктин жалпы аянты 60 гектарды түзөт, анын ичинде 13 гектар вишня багы, 22 гектар өрүк жана 20 гектар кара карагат плантациясы бар.
🏆 2024-жылы питомниктин жетекчиси Жыргал Маджиков вишнянын жогорку түшүмдүүлүгү үчүн “Чемпион-фермер” наамына татыктуу болгон.






