Ысык-Көлдө жигиттер тобу товарларды сатып алып, сатуучуларга жасалма онлайн-чектерди көрсөтүшкөн.

Ысык-Көл районунда жасалма онлайн-чектер менен алдамчылык кылган топ кармалды. Үч шектүү, Бишкек жана Балыкчыдан келген жаштар, жети окшош кылмышка катыштыгы бар экенин моюндашты. Тергөө жүрүп жатат.

🔍 Ысык-Көл районунда жасалма онлайн-чектер менен алдамчылык кылган топ кармалды.

⚖️ 2025-жылдын 21-июнунда Чолпон-Ата шаарынын тургуну И.М. үч белгисиз адам анын дүкөнүнөн 18 500 сомдук товар алып, жасалма онлайн-чек көрсөтүп, качып кеткенин билдирген.

🚔 Шектүүлөр Бишкек жана Балыкчы шаарларынын тургундары экени аныкталды: Ж.Б. (2004-ж.т.), К.Э. (2004-ж.т.) жана М.А. (2002-ж.т.). Алар Чолпон-Ата жана Бишкек шаарларында дагы жети ушундай кылмышка катышканын моюнга алышты.

🔒 Ысык-Көл райондук соту шектүүлөргө бир айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

📢 Ысык-Көл облусунун ИИБ жарандарды сак болууга жана коопсуздук чараларын сактоого чакырат.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x