🌟 Чолпон-Ата шаарында “Чыгармачыл идеялар жана технологиялар кербени” эл аралык фестивалы болуп өттү.
👩🔬 Билим берүү жана илим министрлиги менен “Алтын түйүн” улуттук балдар инженердик-техникалык академиясы тарабынан уюштурулган фестивалга катышуу үчүн Кыргызстан, Россия жана Өзбекстандан 300дөн ашык жаш ойлоп табуучулар чогулушту.
🎉 Билим берүү министринин орун басары Муратбек Касымалиев бул иш-чаранын жаштар арасында чыгармачыл педагогиканы жана инновациялык ой жүгүртүүнү өнүктүрүүдөгү маанисин баса белгиледи.
🛠️ Фестивалдын алкагында мастер-класстар, техникалык жана көркөм кол өнөрчүлүк көргөзмөсү, ошондой эле робототехника, искусство жана дизайн сыяктуу тармактарда долбоорлорду коргоо каралган.
🏅 Катышуучулар илимий иш-аракеттерге оригиналдуу мамиле жана стандарттуу эмес чечимдер үчүн дипломдор, медалдар жана сертификаттар менен сыйланышты.
🤝 Фестивалдын маанилүү окуясы болуп Улуттук Балдар инженердик-техникалык академиясы менен Казан мамлекеттик энергетика университетинин ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлду.