🌍 Ысык-Көл облусунда Туруктуу өнүктүрүү максаттарынын (ТӨМ) аткарылышын көзөмөлдөө боюнча жыйын өтүүдө.
📊 Иш-чарада эне жана баланын ден соолугуна, ошондой эле жалпы социалдык бакубаттуулукка байланыштуу негизги көрсөткүчтөр талкууланат.
👥 Депутат Эльдар Абакиров өлкөдөгү демографиялык абалга токтолуп, акыркы он жылдыкта мигранттардын саны өскөнүн белгиледи.
🏛️ Ведомстволор аралык кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеген жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары Чыңгыз Айдарбеков менен Улан Примов катышууда.
🤝 Негизги милдеттердин бири – жарандарды социалдык жактан колдоо жана калктын жашоосун жакшыртуу үчүн социалдык инфраструктураны өнүктүрүү.