🏗️ Ысык-Көл облусунда селден жабыркагандар үчүн турак жайлардын курулушу башталды.
🌧️ Август айындагы селдин кесепетинен Ысык-Көл облусунда 301 кожолук жабыркап, анын ичинен 29 үйдү калыбына келтирүү мүмкүн эмес.
💰 Жабыркаган үй-жайын калыбына келтирүүгө мүмкүн болбогон үй-бүлөлөрдүн ар бирине материалдык жардам катары 1 миллион сомдон бөлүндү. Калгандары зыяндын көлөмүнө жараша төлөм алышат.
🏛️ Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга мамлекет тарабынан 74 миллион сом бөлүнүп, мамлекеттик кызматкерлер бир күндүк эмгек акыларын жабырлануучуларга жардам катары которушту.
🏗️ Жаңы үйлөрдүн курулушун түркиялык Royalsafa курулуш компаниясы ишке ашырып, муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн турак жайларын тез арада калыбына келтирүүнү камсыздайт.