🌉 Чүй облусунда Ала-Арча дарыясына жаңы көпүрөнүн курулушу аяктады.
🚧 Жаңы көпүрөнүн узундугу 23 метр, туурасы 13 метрди түзүп, долбоордук талаптарга жооп берет.
👷♂️ Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев 29-октябрда иштин жүрүшү менен таанышып, курулушту өз убагында бүтүрүү боюнча тапшырмаларды берди.
🔨 Жаңы көпүрөнүн курулушу 2024-жылдын 24-июлунда мурунку конструкция жараксыз абалга келгендиктен башталган.
🚗 Курулуш иштери жүрүп жаткан учурда унааларды өткөрүү үчүн убактылуу көпүрө салынды.
✅ Эми жаңыланган Аламүдүн-Арашан-Кой-Таш унаа жолу менен бардык унаалар үчүн ачык.