🐟 Ысык-Көлгө 500 миң сазан балыгы кое берилди.
🌊 Балык запастарын калыбына келтирүү программасынын алкагында “Ысык-Көл плюс” кооперативинин инкубациялык цехинде ар биринин салмагы 25 граммдан 35 граммга чейинки 500 миң даана сазан балыгы өстүрүлдү.
📍 Өспүрүмдөр Ысык-Көлдүн №40 акваториясынын Түп районундагы Николаевка булуңуна чыгарылды.
🐠 Балык чарба комплекси департаменти Ысык-Көлдө гана эмес, Соң-Көлдө да балык запастарын көбөйтүү иштерин улантууда.
✅ Бул иш-чаралар суу сактагычтардын экосистемасын сактоого жана аймактагы балык уулоо шарттарын жакшыртууга багытталган.