
[adrotate_integration id=”2″]⚡️ Джалал-Абад электр тармактары ишканасы 2025-2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдыгын 60%га жеткирди.
🏗️ Капиталдык курулуш багытында Майлуу-Суу, Чаткал жана Аксы райондорунда жаңы административдик жана өндүрүштүк имараттар, ошондой эле Сумсар жана Ала-Бука райондорундагы кызмат имараттары курулууда.
🔌 “Бозбу” жана “Тайгараев” сыяктуу жаңы подстанциялар, ошондой эле “Торобаев” подстанциясындагы трансформатордун кубаттуулугун жогорулатуу иштери аткарылууда.
🔧 Жалал-Абад ПЭСинин балансында турган 113 подстанциянын 79у капиталдык жана учурдагы оңдоо иштеринен өткөн.
📏 35-500 кВ чыңалуудагы 136 км аба линияларынын 107 км октябрга чейин оңдолот деп пландалган, учурда 58 км оңдолгон.
🔋 0,4–6–10 кВ чыңалуудагы 7267 км аба линияларынын 3650 км оңдолгон, ал эми 3871 трансформатордун 1955и оңдолгон.
🏠 Октябрга чейин калк жыш жайгашкан жана муктаж райондорго 34 жаңы трансформатор орнотуу пландалууда.






